Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Омар Ливаза финалга чыкты.
Ал алгач Өзбекстандык Саят Ильясовду 5:0 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда Армениянын мушкери Нарек Оганисянды 2:3 эсеби менен жеңди. 1/4тө Азербайжандык Максуд Хасметовду болсо менен беттешип 1:4кө утуп, жарым финалда Ливаза Замбиялык Эммануэль Катеманы 5:0го жеңип алды.
Ошентип Кыргызстандык спортчу финалга чыгып, эртең 13-декабрда алтын медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.
Омар Ливаза 63,5 кг салмакта күч сынашып жатат.