Кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу Сербияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы бул турнир азыркы күндөрү Нови-Сад шаарында өтүп жатат.
Асан уулу эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал финалга чейинки атаандаштарын ири эсепте жеңген. Кытай балбанын 11:0, болгариялык балбанды 12:0, албаниялыкты 12:2 жана түрк балбанын 12:1 эсеби менен жеңген.
Алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште анын атаандашы 19 жаштагы америкалык балбан Жэксон Патрик Форрест болду. Финалда америкалык балбан Өмүрбек Асан уулун 3 упай айрымачылыгы менен жеңип алды. Эсеп саны 14:17.