Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргыз оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Бул тууралуу оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Уланбек Молдодосов социалдык тармакка жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмак категориясында дүйнөнүн мыкты он оор атлетчилеринин катарына кирген. «Биздин Бакдөөлөт Олимпиада оюндарында алтын медаль алышын каалайм», — деп жазылат билдирүүдө. Лицензия дүйнөлүк жана континенталдык масштабдагы ар кандай турнирлердеги көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык берилген. 

Буга чейин дагы 13 кыргыз спортчусу Олимпиада оюндарына катышуу лицензиясын жеңип алышкан — үч жеңил отлетчи, сегиз балбан, сууда сүзүүчү жана фехтование боюнча спортчу. Олимпиада 2021-жылдын жай айларына пландаштырылган.