Орозобек Токтомамбетов рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан рейтингдик мелдеште коло байге жеңди.

Ал 74 килограммга салмакта чейрек финалдык баскычтан баштады. Биринчи беттешинде венгриялык балбан Мурад Курамагомедовдон жеңилүү ызасын тартып калды. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло үчүн беттешүүгө мүмкүндүк алды. Анда өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов жаракат алганына байланыштуу ата мекендик балбанга жеңиш ыйгарылып, 3-орунду ээледи.