“Өтө деле оор жаракат эмес, аттын тиши тийип кетти” деди жаракат алган көк бөрүчү

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда беттеш өттү.

Биринчи бөлүктө эсеп сандар боюнча «Ынтымак» алдыда болду. 2 упайды тең Нуржан Мелисбек уулу командасына алып беди. Экинчи бөлүк эсеп 4:0 эсеп сандар менен аяктап, «Ынтымак» алдыга чыкты. 2-таймда 2 жолу улакты Өмүрбек Эсен уулу казанга салды.

Ал эми чечүүчү 3-беттеште Нуржан Мелисбек уулу командасына дагы бир упай алып келди. Оюн 5:0 эсебинде «Ынтымактын» жеңиши менен аяктады.

Оюндун жүрүшүндө “Сары-Өзөндүн” оюнчусу Рустам Тыналиев жаракат алган. Ал оюнду бети таңылган бойдон аягына чыкты. Ал жаракаты өтө деле оор эместигин айтты. “Баары жакшы. Өтө деле олуттуу жаракат эмес, болгону аттын тиши тийип кетти”,- деди ал.