Оюн учурунда жарым коргоочу Кристиан Эриксендин жүрөк оорусу кармап калды

Кечээ, 12-июнда Дания-Финляндия оюнунун жүрүшүндө Даниянын жарым коргоочусу Кристиан Эриксен өзүнөн-өзү эс учун жоготуп кулады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Оюнчу чуркап бара жаткан учурда буттары чалыштап, көз ачып жумганча жерге жатып калган. Дароо эле оюн талаасына дарыгерлер чакырылып, артынан Дания курама командасынын реанимациялык тобу жетип келип, жарым коргоочуга жардам берүүгө киришти. Бул аралыкта команданын оюнчулары Кристиан Эриксен камераларга көрүнбөшү үчүн аны курчап алышты. Кийинчерээк жарым коргоочунун жүрөк оорусу кармап калганы айтылып, аны дефибрилляторду колдонуу менен жашоого кайтарышканы маалымдалды. Учурда футболчу ооруканада, анын абалы турукташып калган. Ал эми беттеш бул окуяга байланыштуу токтотулган. Кристиан Эриксен видео байланыш аркылуу өзүн жакшы сезип калганын билдирип, оюнду уланта берүүгө чакырган. Оюн уланып, Финляндия Данияны 1:0 эсеп менен утуп алды.