Өзбекстандык жөө күлүк эл аралык Ысык-Көл марафонунун жеңүүчүсү болду

Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk road Ысык-Көл марафонунун жеңүүчүсү болуп өзбекстандык жөө күлүк Шохрух Давлатов табылды. Мелдеш Чолпон-Ата шаарында өттү.

Марафондун катышуучулары үчүн төрт дистанция каралган: 42, 21, 10 жана 3 чакырым. Эркектер арасында 42 чакырым аралыкка Өзбекстан Республикасынын спортчусу Шохрух Давлатов биринчи болуп 2 саат 28 мүнөт 1 секунд убакыт коротту. Экинчи орунду кыргызстандык Илья Тяпкин, үчүнчүнү Бердигул Айтбай уулу ээледи.