Өзбекстандык секундант: «Мунарбек экөөбүз бири-бирибизди кыйналбастан түшүнүп жаттык»

Олимпиадада кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов SUPERTV’га маек берди.

«Мунарбек менен анын башкы машыктыруучусу Данияр аке менен мамилебиз абдан жакшы. Буга чейин 1-2 жыл мурда машыгууларда, турнирлерде чогуу жүргөнбүз. Париж Олимпиадасына Данияр аке жалгыз өзү келгени үчүн башкы машыктыруучусу Толкун Кылычев биздин (ред.Өзбекстандын) устазыбыздан жардам сурашты. Мен курамда эң кичүү машыктыруучу болгонум үчүн мени сунушташты. Данияр аке мени тааныганы үчүн кубануу менен кабыл кылды. Көрүп турдуңүз, финалдык дэңгээлге чейин чыгып келди. Дүйнөдөгү эң күчтүү деп эсептелген кубалык, америкалык жана болгариялык мушкерлерди утту. Финалда өзүбүздүн мекендешибиз Абдумалик Халаков шакиртим менен беттешти. Жана эң негизгиси алтын да, күмүш да Европа же Америкага эмес, Орто Азияга буюрду. Ушуга кубанычтабыз.
 
Бул менин алгачкы жолу Олимпиадага катышышым. Мага эң чоң сабак болду. Машыктыруучулук тажрыйбамдагы биринчи ири турнирге Мунарбек менен бирге катышуу насип болду. Биринчи кезекте ушуга кубандым. Кыргыз боксунда буга чейин Олимпиада медалы болбогондон кийин, өзүмдүн жакын шакиртимдей көрүп, Данияр аке менен кеңешип, аны менен биргеликте колубуздан келген бардык ишти жасадык. Финалга чейин чыгып, Кыргызстандын тарыхын жараттык.

«Мунарбек биринчи жолу кубалык мушкер менен рингге чыкканда мен ага “өзбекче түшүнөсүңбү?” десем, “Оштукмун, ооба, өзбекче түшүнөм. Бардык досторум өзбек. Кенен сүйлөй бериңиз” деди. Өзбекче кыйналбастан, бири-бирибизди түшүнүп, өз милдеттерибизди мыкты аткарып алдык», — деди ал.