Өзбекстандык секундант Мунарбек Сейитбек уулуна топу кийгизип, чапан жапты

Соцтармакта Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучунун боксчуга топу кийгизип, чапан жаап жатканы тартылган видео тарады.

Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын финалына жолдомо алды. Мушкер 57 килограммга чейинки салмак категориясындагы катышууда. 1/8 финалдык беттеште кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рейди жеңген. Чейрек финалдык беттеште америкалык мушкер Жамал Харвини жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты жеңип, Париж Олимпиадасынын финалына жолдомо алды.

Финалдык беттеште өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен күч сынашат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 1:20да башталат.