Өзбекстандык секундант Мунарбек Сейитбек уулунун үйлөнүү тоюна эмне үчүн бара албай калганын айтты

Олимпиадада кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов SUPERTV’га маек берип, боксчу аны үйлөнүү тоюна чакырганын айтты.

«Биз ошондо Өзбекстанда президентибизге кирип, ажобуз менен жолугат элек. Улуу майрамыбыз Эгемендүүлүк күнү болчу, үлпөт тоюна бара алган жокпуз. Буюрса, бешик тоюна келебиз.
 
Олимпиададан бери эле күн сайын Инстаграмда Кыргызстан, Өзбекстандан, дегеле бүткүл дүйнөдөн күйөрмандар мага байланышып, ыраазычылык билдирип жатышат. Биз ар дайым Борбор Азиянын өлкөлөрүнө жардам берүүгө даярбыз. Буюрса, башка тармактарда да биргеликте иш баштасак, спорт сыяктуу дүйнөдө теңсиздигибизди далилдейбиз. Достугубуз түбөлүк болсун. Кыргызстандыктарды, президентин куттуктайм. Президенттин өмүрү узун болсун. Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдиги жоголбосун. Жакшы күндөрдө көп көрүшөлү», — деди ал.