«Өзгөчө күн болду». Айсулуу Тыныбекова ыраазычылык күнүн белгиледи (видео)

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасында жакында эле өзгөчө күн болгонун айтып, ыраазычылык күнүн белгилегенин билдирди.

«Маалым болгондой, жакында мен үчүн өзгөчө күн болду. Жеңишке жетүүдөгү кадамдарыма кошкон салым үчүн ыраазычылык күнүн белгиледим. Бул күн мен үчүн айланамдагы адамдардын колдоосу канчалык маанилүү экенин терең түшүнгөн учур болду.

Ар бириңиздер менин жашоомдун бир бөлүгүсүздөр. Кыйынчылыкта, килем үстүндө гана эмес, ичимдеги ишенимдер менен күрөшүүгө туура келгенде, сиз ошол жерде болдуңуз. Мен жетишкендиктерим менен гана эмес, ар дайым кыялына ишенген, бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө даяр кыргыздын кызы экениме сыймыктанам.

Мага болгон сүйүү, колдоо, жакшы сөздөр үчүн рахмат айтам. Бул биздин жалпы жеңишибиз жана ар бириңиздер менин жүрөгүмдө чемпион болуп каласыздар. Дагы бир жолу терең ыраазычылымды билдирем»,- деп жазды ал.