Өзгөндө аламан тартыштын байгесине укмуштай белектер сайылды

Өзгөндө миңдей көк бөрүчү катышкан аламан оюну болуп өттү. Анын эрежесине ылайык, ар бир улакчы өзү үчүн ойнойт. Шагым айылында болуп өткөн аламанга белгилүү улакчылар Манас Ниязов менен Байыш Ниязов да катышкан.

Оюнду уул той жана үй той өткөргөн айыл тургуну уюштуруп, белекке алтын кур, авто унаа, 10 төө, 10 топоз, 10 кулун, аргымак, 100 миң сом сайган. Алтын курду Мырзабек балбан, авто унааны Жоодар балбан аттуу улакчылар илип кетсе, ага-ини Ниязовдор бирден ат алышкан.