Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов атындагы борбордук спорт комплекси ачылды. Аталган стадион Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасында Өзгөн шаарынын атынан ойногон «Өзгөн» футболдук клубунун үй аренасы болот.
Бул стадион аймак тургундарына, өзгөчө жаш муунга дени сак жашоо образын калыптандырууга зор мүмкүнчүлүк түзүп, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырат. Ошондой эле ал өлкө чемпионаты менен бирге республикалык деңгээлдеги ири футболдук мелдештерди жогорку деңгээлде кабыл алууга ылайыкташтырылды.