Өзгөндө Зулпукар Ормонов атындагы жаңы спорттук комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт

22-август күнү Ош облусунун Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов атындагы жаңы спорттук комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Майрамдык иш-чара саат 17:30да башталып, көрүүчүлөргө кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерт тартууланат. Кеченин негизги бөлүгү — Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын 18-турунун алкагындагы «Өзгөн» жана «ОшМУ» командаларынын беттеши болмокчу. Беттештин башталышы саат 20:30га белгиленген.
Бул спорттук жайдын ачылышы — аймактагы спорттук базаны өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышын билдирет. Кыргыз футбол биримдиги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн бул тарыхый окуяга күбө болууга чакырат. Стадионго кирүү атайын чакыруу кагаздары аркылуу жүргүзүлөт.