Паралимпиада-2020. Арстанбек Базаркулов 10-орунду алды

Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык спортчу Арстанбек Базаркулов 10-орунга ээ болду.

Олимпиада оюндарында спорттун жеңил атлетика (ядрону түртүү) боюнча мелдешке 10 спортчу катышкан. Анда иорданиялык спортчу Ахмад Хинди биринчи орунду алды. 

Белгилей кетсек, Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргоду. Кыргызстандык дзюдочу Хайитон Хусан кызы Токиодо өткөн Паралимпиадалык оюндарда 57 килограммга чейинки салмакта биринчи беттешинде утулуп калып, медаль үчүн күрөштөн чыгып калган.