Паралимпиада-2020. Хайитхон Хусан кызынын алгачкы атаандашы аныкталды

Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызынын Токиодогу Паралимпиадалык оюндардагы биринчи атаандашы аныкталды.

Спортчу айым турнирге 57 килограмм салмакта катышат. Хусан кызынын беттеши 1/8 финалдык баскычтан башталат. Анда ал казакстандык спортчу Диана Федосова менен беттешет. Бул салмак категориясындагы турнир 28-августта өтөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 7:30да башталат.