Паралимпиада-2020. Кыргызстандык дзюдочу алгачкы беттешинде жеңилип калды

Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өткөн Паралимпиадалык оюндарда 57 килограммга чейинки салмак ченинде кармашта атаандашынан жеңилип калды.

1/8 финалда ал казакстандык спортчу Диана Федосовага 0:11 эсебинде жеңилди. Эске салсак, пара жеңил атлетика боюнча дагы бир кыргызстандык Арстанбек Базаркулов 4-сентябрда оюн талаасына чыгат.