Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Парижде (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.
Ал бүгүн, 30-июлда 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күчүн сынады. Бул аралыкка жалпысынан 25 спортчу катталып, алар 4 топко бөлүнгөн.
Петрашов үчүнчү жарышта баштап, 6-орунду ээледи. Жарыштын жыйынтыктоочу протоколунда Петрашов 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алды. Бул аралыкта жарым финалдык сүзүү 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.