Париж Олимпиадасы: Эрлан Шеровдун алгачкы атаандашы тууралуу эмне белгилүү?

Бүгүн, 31-июлда дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында килемге чыгат.

Азия оюндарынын учурдагы жеңүүчүсү жана 2024-жылкы дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Кыргызстандык 1/16 финалдык баскычтан баштап, анын атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралес болот.

27 жаштагы кубалык спортчу дүйнөлүк рейтингде 10-орунда турат жана Олимпиадага түз жолдомо алган.

Моралес Пан Панамериканын 5 жолку чемпиону, ошондой эле Панамерикалык оюндардын 3 жолку жеңүүчүсү. Ал Чоң шлем турниринде жана төрт жолу Гран-приде жеңишке жеткен. 2014-жылы Кытайда өткөн өспүрүмдөр олимпиадасында, 2015-жылы жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болгон. Моралес үчүн Париждеги Олимпиада анын карьерасындагы үчүнчү Олимпиада болот.