Париж Олимпиадасы: Кыргызстандык спортчулардын мелдештеринин графиги

Парижде (Франция) өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан жалпы 16 спортчу күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат. Олимпиада оюндары 24-июлда башталып, 11-августта жыйынтыкталат.
Кыргызстандык спортчулардын мелдештеринин графиги:
27-июль (сууда сүзүү):
100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү;
Денис Петрашов – саат 15:00.
28-июль (дзюдо жана бокс):
Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейинки салмакта);
1/32 баштайт – саат 14:00:
Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг чейинки салмакта):
1/16 баштайт – саат 15:00.
31-июль (дзюдо):
Эрлан Шеров (90 кг чейинки салмакта):
1/32 баштайт – саат 14:00.
3-август (сууда сүзүү):
50 м эркин сүзүү ыкмасы:
Елизавета Печерских – саат 15:00.
5-август (күрөш):
Жоломан Шаршенбеков (60 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 19:00;
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 19:00.
6-август (күрөш):
Акжол Махмудов (77 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30;
Үзүр Жусупбеков (97 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30.
7-август (күрөш):
Амантур Исмаилов (67 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30:
8-август (күрөш):
Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30.
9-август (күрөш):
Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30:
Айаал Лазеров (125 к чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30.
10-август (күрөш):
Эрназар Акматалиев (65 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30:
Айпери Медет кызы (76 кг чейинки салмакта):
1/8 финалдын башталышы 15:30.
11-август (жеңил атлетика):
Сардана Трофимова – башталышы 12:00.