Париж Олимпиадасындагы гендердик чатак: алжирлик боксчу прокуратурага кайрылды

66 килограммга чейинки салмак ченинде Олимпиада чемпиону болгон алжирлик мушкер Иман Хелиф интернеттеги бейбаштык үчүн Париж прокуратурасына арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Arab News жазды. 

«Иликтөө бул расисттик жана сексисттик кампаниянын артында ким турганын аныктайт. Хелифге болгон каралоо Олимп оюндардагы эң чоң кара так болот», — деди спортчунун адвокаты Набил Буди.

Финалдык беттеште Хелиф кытайлык Ян Лю менен беттешти. Калыстардын бир добуштан чечими менен жеңиш Алжирдин өкүлүнө ыйгарылды.