Парижге кимдер барат? Желекти желбирете турган спортчулардын тизмеси

Парижде өтө турган Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Алар спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо.
Спортчулардын тизмеси:
1. Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм, грек-рим күрөшү);
2. Амантур Исмаилов (67 килограмм, грек-рим күрөшү);
3. Акжол Махмудов (77 килограмм, грек-рим күрөшү);
4. Үзүр Жусупбеков (97 килограмм, грек-рим күрөшү);
5. Бекзат Алмаз уулу (57 килограмм, эркин күрөш);
6. Эрназар Акматалиев (65 килограмм, эркин күрөш);
7. Айаал Лазарев (125 килограмм, эркин күрөш);
8. Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм, кыз-келиндер күрөшү);
9. Айпери Медет кызы (76 килограмм, кыз-келиндер күрөшү)
10. Мээрим Жуманазарова (68 килограмм, кыз-келиндер күрөшү);
11. Денис Петрашов (сууда сүзүү);
12. Сардана Трофимова (жеңил атлетика);
13. Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);
14. Эрлан Шеров (90 килограмм, дзюдо);
15. Кубанычбек Айбек уулу (66 килограмм, дзюдо);
16. Елизавета Печерских (сууда сүзүү).
1. Жоламан Шаршенбеков — 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин аяктаган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, Дүйнөнүн эки жолку (2022-2023 ж.ж. Сербия, Белград) Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).
2. Амантур Исмаилов — 1997-жылы 27-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Төрт бир туугандын экинчиси. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук адистигин аяктаган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнө чемпионатынын (2022), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.
3. Акжол Махмудов — 1999-жылы Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнөнүн эки жолку (2022-2023-жж. Сербия, Белград), Азиянын үч жолку чемпиону (2018, 2022,2023). Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медаль ээси. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону.
4. Үзүр Жусупбеков – 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун Кара-Буура районундагы (азыркы Ч.Айтматов) Кызыл-Адыр айылында туулган. Беш бир туугандын улуусу. 2016-жылы 120 кг чейинки салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. 2019-жылы Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болгон.
5. Бекзат Алмаз уулу – 2000-жылы 3-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районунун (азыркы Ч.Айтматов) Аманбаев айылында туулган. 2022-жылы Кыргызстанды эл аралык аренада чоңдор арасында тааныта баштаган жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү болгон. 2023-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталган.
6. Эрназар Акматалиев — 1998-жылы 2-июлда Нарын облусунун, Нарын районун Орто-Нура айылында туулган. Эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2021-жылы Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси, 2022-жылы Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында коло байге жеңген. Ошол эле жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында күмүш байгеге татыган. Мындан сырткары, бир нече жолу Кыргызстандын чемпиону аталган.
7. Айаал Лазарев – 1986-жылы 19-мартта Якутияда төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону жана Дүйнөлүк Кубоктун ээси. Олимпиада оюндарынын катышуучусу (Рио — 2016, Токио — 2020). Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери. Азиянын чемпиону — Азия чемпионатынын коло медалынын ээси – Кыргызстандын 10 жолку чемпиону.
8. Айсулуу Тыныбекова — 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Бирок жерлиги жана чоңоюп өскөн жери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылы. Үй-бүлөдө төртүнчү бала, эки эжеси, ага-иниси бар. Кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Ал күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үч жолу күрөшүп, үч жолу жеңишке жеткен алгачкы балбан.
9. Айпери Медет кызы — 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнө кубогу (2020), Азия чемпионатынын жеңүүчүсү (2022-2024-ж.ж. ) жана Азия оюндарынын медаль ээси. Бир нече жолу эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.
10. Мээрим Жуманазарова — 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси (2020), Токиодо өткөн Олимп оюндарынын коло медаль ээси, Азиянын чемпиону (2021) жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
11. Денис Петрашов — 2000-жылы 1-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн. Сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, өз командасынын тарыхындагы эң жаш олимпиадачы болуп калган. 2016-жылдын ноябрь айында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында ушул эле дисциплинанын финалдык бөлүгүнө чейин жетип, 6-орунду ээлеген. 2022-жылы августта Түркиянын Конья шаарында өткөн 2021-жылы Ислам тилектештик оюндарында үч медалга ээ болгон: 50 жана 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки коло, ошондой эле 100 метрге сүзүүдө алтын байге жеңген.
12. Сардана Трофимова – 1988-жылы 28-мартта Якутияда төрөлгөн. Жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, марафон боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону (2015, 2018, 2019, 2020, 2021). Марафон боюнча Россия Кубогунун жеңүүчүсү (2016, 2018), Москва марафонунун жеңүүчүсү (2017, 2018, 2020). 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында марафондук чуркоодо коло медалга ээ болгон. Ошондой эле Кыргызстандын аялдар курама командасы анын катышуусу менен биринчи жолу жарым марафон боюнча Азия чемпиондугун жеңишкен. Ал 2022- жылдын май айында Кыргызстандын жарандыгын алган.
13. Мунарбек Сейитбек уулу — 1996-жылы 1-январда Ош шаарында туулган. Бокс боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы мушкер болгон. Мындан сырткары, Азия чемпионатында, Студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон.
14. Эрлан Шеров – 1998-жылы 19-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Дзюдо боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2024-жылкы Дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болуп Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дзюдо боюнча байгелүү орун алган. 2022-жылкы Жайкы Азия оюндарынын чемпиону, бир нече жолу Азия чемпионатында жана башка эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.
15. Кубанычбек Айбек уулу – 2000-жылы 28-октябрда төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча спорт чебери. 2016-жылы Якутияда өткөн “Азия балдары” аттуу мелдешинде чемпион аталган. 2017-жылы Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын байгенин ээси болгон.
16. Елизавета Печерских – 2004-жылы 25-август күнү Бишкек шаарында туулган. Сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2019-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңген. 2024-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпионатында сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышып биринчи орунду ээлеген.