Пекинде Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүп жатат

Бүгүн, 4-февралда Кыргызстандын убактысы боюнча саат 18:00дө Кытайдын Пекин шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүп жатат. Ага 95 өлкө катышары айтылган.

Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын лыжасы Максим Гордеев коргойт. Ал эми ачылыш аземине президент Садыр Жапаровдун да катышары айтылган. Кыргызстандык спортчу мелдешке 16-февралда чыгат.