Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Медалдардын саны боюнча кайсы өлкө алдыда?

20-февралда Пекинде XXIV Кышкы Олимпиада оюндары аяктады. Белгилүү кытайлык режиссёр жана продюсер Жан Имоу тарабынан даярдалган куштун уясын эске салган стадиондо 2022-жылкы Олимпиаданын жабылыш аземи өттү. Трибуналарда башкалардын катарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да катышты.

Пекин оюндарынын олимпиада оту өчкөндөн кийин оюндун желеги Олимпиаданын кийинки ээлери – 2026-жылдын февраль айында мелдеш өтө турган Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларына тапшырылды.

Медалдык рейтингде 16 алтын, 8 күмүш жана 13 коло медаль менен Норвегия алдыда. Германия 12 алтын, 10 күмүш жана 5 коло медаль менен экинчи орунда. Кытай 9 алтын, 4 күмүш жана 2 коло менен үчүнчү орунда. 

Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан лыжачы Максим Гордеев катышты. Бирок ал желекчелерди буйтоодо марага жетпей калды.