Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желеги желбиреди (видео, сүрөт)

Бүгүн, 4-февралда Кыргызстандын убактысы боюнча саат 18:00дө Кытайдын Пекин шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.

Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын лыжачы Максим Гордеев коргойт. Дал ушул спортчу бүгүнкү ачылыш аземде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты. Анын артында Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева басып өттү. Ал эми Кыргызстандын делегациясы трибунада өлкөнүн желегин көтөрүп турушту.