Польшадагы рейтингдик турнир: Жоламан Шаршенбеков алтын медалга татыды

60kg GR - Zholaman Sharshenbekov (KGZ)

Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Варшава шаарында (Польша) өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024” аттуу эл аралык рейтингдик турниринин жеңүүчүсү аталды.

Спортчу 60 килограмм салмак чен бирдигинде жалпы кармаш өткөрдү. Балбан финалдык кармашта украиналык атлет Никита Дементьевди утуп алган.

Бул кыргызстандык балбандардын быйыл өтө турган Париж олимпиадасынын алдындагы акыркы эл аралык медеши болуп калды.