Футбол: Президент Садыр Жапаров стадионго келип, Кыргыз улуттук курамасын колдоп жатат (сүрөт)

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо эл аралык турнирдин алкагында Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип жатышат.

Президент Садыр Жапаров да стадионго келип, Кыргыз улуттук курамасын колдоп, күйөрмандар менен бирге оюнга жандуу күбө болуп жатат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча, саат 20:30да эки өлкөнүн гимни менен башталды. Ал эми 10-мүнөттө Элдар Молдожунусов эсеп санды ачты.