Президенттин администрациясы «Бизнес» командасын жеңип, 3-орунга ээ болду

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш өтүп жатат. 3-орунга болгон беттеште президенттин администрациясы менен «Бизнесмен» командалары кез келди. Беттеш 5:2 эсебинде президенттин администрациясынын жеңиши менен аяктады.

Аталган команда Достук турниринде 3-орунга ээ болду. Жалпы оюнда президент Садыр Жапаров 9 жолу гол киргизди. Алдыда алтын жана күмүш медалдарга болгон беттеш өтөт.