Президенттин администрациясы «Федерациялар» командасын 3:2 эсебинде жеңди

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул ирет президенттин адамнистрациясы менен «Федерациялар» командалары кез келди.

Биринчи таймда президенттин администрациясы 2:0 эсебинде алдыга чыкты. Садыр Жапаров эсепти оюндун 10-секундасында ачты. Экинчи голду да президент жаратты. Экинчи бөлүктө Канат Шабданбаев командасынын эсебин ачып берди. Саитдин Азизбаев командасына дагы бир голду жаратып, эки команданын эсебин теңеди. Бирок Садыр Жапаров дагы бир гол киргизип, командасын алдыга чыгарды. Ошентип оюн 3:2 эсеби менен жыйынтыкталды. Бул беттеште президенттин администрациясы алдыга чыкты.

«Президенттин администрациясы» командасынын курамы:

1. Садыр Жапаров — президент;
2. Камчыбек Ташиев — УКМКнын төрагасы;
3. Медетбек Букуев — Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси;
4. Аяз Баетов — юстиция министри;
5. Алмаз Бакетаев — финансы министри;
6. Умбеталы Кыдыралиев — «Кыргыз алтын» ишканасынын башкаруусунун төрагасы;
7. Азиз Аалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
8. Азамат Жаманкулов — маданият министри;
9. Алмасбек Абытов — парламенттеги президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү;
10. Муса Жаманбаев — президенттин администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси;
11. Арзыбек Кожошев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
12. Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
13. Данияр Амангелдиев — экономика министри;
14. Кудайберген Базарбаев — эмгек министри;
15. Алтынбек Эргешов — президенттин администрациясынын чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси.

«Федерациялар» командасынын курамы:

1. Канат Шабданбаев (капитан) — Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;
2.
Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти;
3.
Абдибакыт Халмурзаев — Бокс федерациясынын президенти;
4.
Медер СыдыковКыргызстандын футбол союзунун президенти;
5.
Александр Воинов — Кикбоксинг федерациясынын президенти;
6.
Шаршеналы Касенов — Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти;
7.
Азиз Ибраев — Самбо федерациясынын президенти;
8. Нургазы Кулжаев — Регби федерациясынын президенти;
9. Камчыбек Касымов — Тогуз коргоол эл аралык федерациясынын президенти;
10.
Эльмурза Сатыбалдиев — Волейбол федерациясынын президенти;
11. Орзубек Назаров — Дүйнө чемпиону, атлеттер комиссиясы;
12.
Саитдин АзизбаевКыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору;
13.
Самат Токтоналиев — Мектеп лигасы федерациясынын президенти.