Президенттин катышуусунда «Мурас» достук футбол турнири башталды

Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча «Мурас» мелдеши башталды. 

Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады.

Оюндар эки аянтта: Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Турнирдин катышуучулары:

— Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;

— Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;

— Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;

— ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;

— Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары — “Спорт Чеберлери”;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлери — «Иш башкармасы»;

— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;

— Дин өкүлдөрү — “Ыйман;

— Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;

— Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;

— Юстиция органдарынын кызматкерлери — «Юстиция»;

— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;

— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;

— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;

— Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү “Элчилер”;

— Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.

Эртең, 14-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.