Президенттин кубогу: Көк бөрү боюнча мелдештер башталды

Бүгүн, 28-август күнү Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган турнир башталды.

Турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу, бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат. Мелдешке жалпы 14 курама команда катышууда. Алар Ак-Суу, Алтын-Альянс, Ак-Илбирс, Ысык-Ата, Казарман, Ала-Арча, Талас шаары, Бапа Барскоон, Бийиктик, Ичке-Суу, Асанбек-Ата, Кара-Ой, Шахтёр жана Чүй-Токмок командалары.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.