«Прогибге чапкам». Жоламан Шаршенбековдун сүйүү баянынан үзүндү (видео)

Кечээ, 30-сентябрда Бишкекте балбан Жоламан Шаршенбеков менен жубайы Айхандын үлпөт тою өттү.

Фотограф Эржан Кадырбеков социалдык тармактагы баракчасына экөөнүн Love Story видеосунан үзүндү жарыялады. Балбан биринчи сүйүүсүн прогибге чапканын, ошол кызга үйлөнгөнүн айтып берип жатканын көрүүгө болот.

Ал буга чейин SUPERTV каналына маек бергенде биринчи сүйүүсүн прогибге чапканын айтып берген болчу.

23-сентябрда Айхандын кыз узатуусу Талас жергесинде өтүп, Жоламан Шаршенбеков бойдокчулук менен коштошкон.