Рафаэль Физиев беттеште утулуп калды (фото, видео)

Кечээ, 18-мартта Лондондо өткөн UFC 286 турниринде Жастин Гэтжи менен Рафаэль Физиев беттешип, анда Физиев атаандашынан утулуп калды. Беттеш үч раундга созулуп, анда Гэтжи калыстардын чечими 29-28, 29-28, 28-28) менен жеңүүчү деп табылды.

Бул беттешке чейин Гэтжинин соцтармактагы баракчасына жарыялаган соңку билдирүүсүнүн комментарий бөлүгүндө кыргызстандыктар массалык түрдө колдоо көрсөттү. Алар Физиевди жеңип алышын каалап жатышты.