Рафаэль Физиев Кыргызстандан көчүп кетерин, беттештерге өлкөнүн атынан чыкпай турганын билдирди

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев беттештерге Кыргызстандын желеги алдында чыкпай турганын билдирди. Ал кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Мен жана үй-бүлөм Кыргызстандагы муфтияттын жана айрым белгилүү адамдардын куугунтугуна туш болдук. Үй-бүлөмө жана мага акарат сөздөр айтылууда. Кеп ондогон эмес, жүздөгөн, атүгүл миңдеген билдирүүлөр жөнүндө болуп жатат. Мен башка адамдардай эле Инстаграмдагы баракчамда өз жашоомду көрсөтөм. Ар бир адамдын өзүнүн ою бар. Светтик өлкөдө ар бир адам мыйзамдуу нерселерди кылса болот», — деди ал. 

Ал мындан тышкары, аны мындан ары Кыргызстан менен эч нерсе байланыштырбарын айтты. «Мени мындан ары Кыргызстан менен паспортум гана байланыштырат. Мен үй-бүлөм менен көчүп кетүүнү ойлонобуз. Беттештерге Кыргызстандын желеги менен чыкпайм», — деди ал.