Рафаэль Физиев утулуп калган беттештен кийинки сүрөтүн жарыялады

Рафаэль Физиев Жастин Гэтжи менен болгон беттештен кийинки жүзүн көрсөттү. Ал сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.

18-мартта Лондондо өткөн UFC 286 турниринде Жастин Гэтжи менен Рафаэль Физиев беттешип, анда Физиев атаандашынан утулуп калды. Беттеш үч раундга созулуп, анда Гэтжи калыстардын чечими 29-28, 29-28, 28-28) менен жеңүүчү деп табылды.