Раззак Бейшекеев Азия чемпионатынын финалына чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында ишенимдүү түрдө финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал 7-апрелде 67 кг чейинки салмак категориясында беттешти чейрек финалдан баштады. Алгач Корея Республикасынын өкүлүн жеңип, жарым финалда ирандык балбанды эки мүнөткө жетпеген убакытта мөөнөтүнөн мурда жеңди. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште анын атаандашы Япониянын өкүлү — Кенцуке Шимицу болот. Аталган салмак ченинде финалдык беттеш тер 8-апрелде өтөт.