Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандык балбан 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, беттешти 7-апрелде баштаган. Финалга чейинки жолунда алгач Түштүк Кореянын өкүлүн утуп, жарым финалда Ирандан келген балбанды эки мүнөткө жеткирбей мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чечүүчү финалдык беттеште Жапониянын балбанын артта калтырып, Азия чемпиону аталды.
Раззак Бейшекеев карьерасында Азия чемпионатынын алгачкы алтын байгесин утуп алды. Ал Кыргызстандын курама командасынын капчыгына төртүнчү алтын медалды салды. Буга чейин, тагыраагы 7-апрелде Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов дагы 1-орунду ээлешкен. Ошентип жалпы командалык эсепте грек-рим курама командасы экинчи орунду ээлешти.