Раззак Бейшекеев MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду

67kg GR - Razzak Beishekeev (KGZ)

1-март күнү Тирана шаарында (Албания) спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнири жыйынтыкталды. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев 72 кг чейинки салмакта коло медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Бейшекеев мелдештин алгачкы айлампасында россиялык Магомед Барахоевди 7:6 эсебинде жеңди. Кийинки беттеште дагы бир россиялык балбан Камиль Ахметвалеевди 7:1 эсебинде ишенимдүү утуп, кийинки баскычка өттү. Жарым финалга чыгуу үчүн болгон кармашта казакстандык Николай Хапкону 10:3 эсебинде жеңип, мыкты төрттүккө кирди. Тилекке каршы жарым финалда ирандык Мохаммад Джавад Резаига 1:5 эсебинде утулуп калды.
Үчүнчү орун үчүн беттеште кыргызстандык спортсмен 3:0 эсебинде алдыда келе жатып, Алматбек Аманбекти (Казакстан) далын жерге басып (туше), мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.