Роналду карьерасындагы 850-голун киргизди

Саудиялык «Аль-Наср» клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы 850-голун киргизгенин Tengri Sport жазды. 

Бул Сауд Арабиянын чемпиондугунун 5-турунун беттешинде болду, анда «Аль-Хазм» өз талаасында «Аль-Наср» командасын кабыл алды.

Карьерасындагы голдордун саны боюнча рекордду Роналду жараткан. Анын эсебинде клубдарда – 727 гол, Португалия курамасында – 123 гол бар.