Садыр Жапаров: «Биздин команда башында биринчи орунду берчү эмес эле»

Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтө турган президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен “Мурас” футболдук турнири башталды. Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында анын ачылыш аземи болуп өттү. Мелдешке төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышууда.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан 32 оюн пландаштырылган: топтук этапта 24 жана финалдык 8 оюн.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө салтка айланган кезектеги турнирдин башталышы менен куттуктап, өткөрүлүп келген алты жыл ичинде масштабдар кыйла өскөнүн белгиледи. Биринчи беттештерде 8-9 команда катышкан болсо, азыр алардын саны 16га жетип, муну менен жогорку популярдуулукту көрсөтүп жатат.
“Биринчи-экинчи оюндарда президенттин командасы биринчи орунду берчү эмес эле, акыркы убакта 4-орунга түшүп калды. Бул дагы жакшы. Башталганда жакшы чуркай албаган аксакалдарыбыз, балдарыбыз бар эле. Алардын деңгээли бүгүн кыйла өстү. Оюндардын маанилүүлүгүн унутта калтырбай, улап кете берели. Биз жаштарыбызды, эл-журтубузду спортко үндөп, чакырышыбыз керек. Анткени спорт – бул ден соолуктун булагы. Спортто дайыма күчтүүлөр утат, спорттун табияты ушундай. Күчтүүлөр жеңсин!” – деди Садыр Жапаров.

Оюндар эки жерде: жакында ачылган Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөрүлүүдө.
Турнирдин катышуучулары:
— Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;
— Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;
— Банктардын жана бизнестин өкүлдөрү — “Банктар жана Бизнес”;
— ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;
— Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары, “Алга” ФК легендалары — “Спорт Чеберлери”;
— Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү – “Жогорку Кеңеш”;
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;
— Дин өкүлдөрү — “Ыйман;
— Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;
— Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;
— Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;
— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;
— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;
— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;
— Өткөн мелдештин жеңүүчү командасы “Мурас-Аймак”-“Ноокат”;
— Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.
Эртең, 15-декабрда чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.