Садыр Жапаров командасын жеңилүүдөн сактап калды. Бишкекте футболдук беттеш жыйынтыкталды

Бүгүн, 30-августта Бишкекте Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагер командаларынын футболдук беттеши өттү. Беттеш 3:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын курама командасына 2 гол жаратты. Ал 4-мүнөттө гол киргизип эсепти ачса, беттештин негизги убактысы бүтөөрүнө бир мүнөт калганда гол киргизип, Кыргызстандын курама командасын жеңилүүдөн сактап калды. Оюн 3:3 эсеп сандары менен аяктады.