«Салам, достор». Орусиянын футбол боюнча курамасы кыргызстандыктарга кайрылды

Орусиянын футбол боюнча курама командасы расмий аккаунту аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды. 24-сентябрда Бишкекте эки өлкөнүн командалары жолдоштук беттеш өткөрөт.

«Салам, Кыргызстан! Салам, достор! Келгиле, жакшы футбол ойноп, бардык күйөрмандарыбызды кубанталы!» — деп жазылган анда.