«Салам Кыргызстан». Роналдиньо Кыргызстанда 3 күн болорун айтты

Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келерин өзү билдирди. Ал видео кайрылуу кылды.

«Салам Кыргызстан. «Барса» расмий Кыргызстанда. Мен «Барса» легендалары менен кошо 3 күн сиздер менен болом. Жашасын Барса, жашасын Каталония, жашасын Кыргызстан», — деди ал.

Өлкөгө Роналдиньо менен испаниялык футболчу Карлес Пуйоль жана аргентиналык футболчу Хавьер Савиола да келишет. Алар «Барселона» клубунун КМШдагы футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-август күндөрүнө белгиленген.