Сенсация! Сауд Арабиясы Месси баштаган Аргентинанын курама командасын утту

Футбол боюнча Аргентина курама командасы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Сауд Арабиясына утулуп калды.

Бүгүн, 22-ноябрда С тайпасында 1-турдун беттеши орун алды. VAR менен аргентиналыктар пенальти алып, аны 10-мүнөттө Лионель Месси гол киргизди. Андан кийин Месси дагы бир гол киргизсе, Лутаро Мартинес эки гол киргизди. Бул 3 голдун бардыгы офсайддан улам калыстар тарабынан жокко чыгарылды.

Экинчи таймдын эң башында Cауд Арабиянын командасы 5 мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, алдыга чыгышты. Бул эсеп акыркы ышкырык чыкканга чейин таблодо калды. 27-ноябрда 2-турда Аргентина Мексика менен, Польша Сауд Арабия менен ойнойт.