Бүгүн, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, кезектеги жеңишин камсыздады.
Шевченко беттеште башынан аягына чейин үстөмдүк көрсөтүп, атаандашына мүмкүнчүлүктү дээрлик берген жок. Ал 4-раундда чабуулга өтүп, Мерфиге катар-катар сокку узаткандан кийин калыс беттешти токтотту. Бул Шевченконун чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан алтынчы кармашы болчу. Аны ал ишенимдүү түрдө коргоп калды.
Undisputed champion
Valentina Shevchenko defeats Lauren Murphy via TKO to retain her women’s flyweight title
(via @ufc)
pic.twitter.com/I7tcqb6N2s— Bleacher Report (@BleacherReport) September 26, 2021