Шевченко Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоду

Бүгүн, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, кезектеги жеңишин камсыздады.

Шевченко беттеште башынан аягына чейин үстөмдүк көрсөтүп, атаандашына мүмкүнчүлүктү дээрлик берген жок. Ал 4-раундда чабуулга өтүп, Мерфиге катар-катар сокку узаткандан  кийин калыс беттешти токтотту. Бул Шевченконун чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан алтынчы кармашы болчу. Аны ал ишенимдүү түрдө коргоп калды.