«Силер мыктысыңар!». Тыныбекова Жуманазарова менен Медет кызына эртерээк сакаюуну каалады

«Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учуру!». Бул тууралуу үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бул жолу дагы оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуз мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет. Жеңиш биздин жалпы жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшө алганыма сыймыктанам. Айпери жана Мээримге эртерээк жакшы болуп кетишин каалайм! Силер мыктысыңар. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча курама командага ийгилик», — деп жазды ал.

Буга чейин Айпери Медет кызы бутунан жаракат алганын жазып чыккан. Ал эми Мээрим Жуманазарова жаракат алып, беттештен четтеп калган.