Спорттук карьерасын жыйынтыктаган Айаал Лазарев билдирүү жазды

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев спорттук карьерасын жыйынтыктады. Ал Олимпиадада коло медаль үчүн беттешип, жеңилип калган соң, спорттук бут кийимин чечкен.

«Олимпиада 2024. Париж. Франция. Өкүнүчтүү, бирок ошол эле учурда татыктуу 5-орун. Жашоомдун маанилүү бир бөлүгү ушинтип аяктады. Бардык нерсенин башталышы жана аягы болот. 27 жылымды ушул спортко арнадым. Мен кичинемден кыялданган Олимпиада чемпиону боло алган жокмун. Бирок Кудай мага оор салмактагы балбан катары кызыктуу жана унутулгус карьера тартуулады. Бардыгы үчүн Кудайга ыраазычылык билдирем. Менин жанымда болгондорго рахмат», — деп жазды ал.