7-апрелде Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер өтүп, анда Кыргызстандык 3 спортсмен чемпион болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Афтандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) алтын үчүн беттеште ирандык Эрфан Жарканини 7:2 эсебинде жеңип, биринчи алтынды Кыргызстандын капчыгына салды. Акжол Махмудов (77 кг чейин) финалда ирандык Али Оскоуну 3:3 эсебинде сапат көрсөткүчү менен утуп, экинчи алтынды алды. Ал эми Асан Жанышов (87 кг чейин) ирандын өкүлү Холамреза Фарохисенджани 11:4 эсебинде утуп, үчүнчү алтын байгеге ээ болду.