Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында алгач килемге грек-рим балбандары чыгат

GR 77kg Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алат. Мелдешке Азиянын күчтүү балбандары катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Жарыштын биринчи күнү килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгышат. Бул күнү 55 кг, 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг чейинки салмак чен бирдигинде медалдар ойнотулат.

Аталган салмактарда Кыргызстандын атынан төмөнкү балбандар чыгат:
55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
63 кг чейин — Автандил Таалайбеков;
77 кг чейин — Акжол Махмудов;
87 кг чейин — Асан Жанышов;

130 кг чейин — Роман Ким.

Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.